Президент кыргызстандыктарды жаңы, 2026-жыл менен куттуктады
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктады.
-Узап бараткан 2025-жыл, эң оболу, эгемен Кыргызстандын бүтүндүгүн шарттаган чек араларыбыздын биротоло такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калды.Чек аранын толугу менен чечилиши — мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгынын бекем кепилдиги жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнүн эң башкы фактору,-деди Жапаров.
«Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин тандаган деңгээлге жеттик» деди мамлекет башчы куттуктоосунда
“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Ала-Тоо резорт” туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго дүйнөлүк ири инвесторлордун кызыгуусу, Кыргызстандын эл аралык аброю, Жогорку Кеңешке шайлоолор жана башкалар тууралуу азыноолак сөз кылды.
“Урматтуу мекендештер, кирип келген жаңы жылыбыз баарыбызга кут болсун! Ар бир үйдө токчулуктун, молчулуктун, барчылыктын, үй-бүлөлүк бак-таалайдын шамы жансын! Жаңы жылда дүйнөлүк жаңы бийиктиктерге жетели!Жаңы жылыңыздар менен!” деди куттуктоо соңунда президент
Сүрөт: president.kg




