Президент Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров экинчи элдик курултайда сөз сүйлөдү. Сөзүнүн аягында  “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” билдирди.

Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөгөнүн жарандык коом жана эл аралык уюмдар билдирип келет.

Алсак, иликтөөчү журналист Болот Темиров өткөн жылы өлкөдөн күч менен чыгарылды. 10-ноябрда Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” гезитинин арызынын негизинде көз карандысыз Kaktus.media басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып пул салган. “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатса, Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылып, териштирүү жүрүүдө. Бир катар журналисттер, блогерлерге айыптар коюлуп, сурак жүрүп жаткандыгы маалым.

Бишкекте өтүп жаткан экинчи элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышууда. Курултай 16-декабрга чейин созулат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты