Президент “Коопсуз шаар” камера жардамы менен кылмышкерди 15-20 мүнөттө кармаган учурлар бар экенин билдирди
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаов Бишкек “Ак-Ордо” конушунда бир туугандардын киши колдуу болушу, эл арасындагы сөздөр, милиция жана көзөмөл камералары тууралуу Фейсбук баракчасына пикирин билдирди.
-Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине кечээ дагы бир жолу ынандым. Кечээки эки бир тууганды өлтүргөн баланын түн ичинде видео байкоого түшүп калган сүрөтүн чыгарып койсо, “бул бала бир топ жашка келип калган бала экен, экөө эки башка бала, карапайым байкуш баланы мойнуна алдыртып жатат” деген сыяктуу кандай гана сөздөрдү соц түйүндөрдөн жазып чыгышты. Баары эле эксперт болуп кетишти, -деди президент.
Аталган кылмыш “Коопсуз шаар” көзөмөл камераларынын жардамы менен ачылганына токтолду.
-Бул окуя 3-октябрь түнү болуптур. Жарым сааттын ичинде министр өзү баш болуп опергруппа менен жетип барган.
Дароо “Коопсуз шаардын” жардамы менен кылмышкерди аныктаган. Бирок бул бала ким экенин дароо тааныбай, элге кайрылуу кылышкан, “Ким тааныса кабарлап коюңуздар, сый акы болот” деп. Эртеби-кечпи, ким экени баары бир табылат эле.
Себеби Бишкек шаарына көзөмөл камералар орнотулган. Азыр жаңы конуштарга, жакында эле шаарга кошулган айылдарга чейин көзөмөл камераларды орнотуулар жүрүп жатат. Бишкек шаарында кылмыш кылып, анан кармалбай калам деп ойлобосун, кылмышкерлер. “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Баткенден баштап Талас, Нарын шаарларына, базар, соода түйүндөрү, жолдорго чейин видеокамералар орнотулуп жатат. Бара-бара өлкө боюнча онлайн режимде карап олтурууга мүмкүн болот.
Кечээ жакында Айсулууну мыкаачылык менен өлтүргөн зөөкүрдү да “Коопсуз өлкөнүн” камералары аркылуу кармадык.
Бишкекте “Коопсуз шаардын” жардамы менен кылмышкерлерди 15-20 мүнөттө кармап алган учурлар бар.
Садыр Жапаров милиция жакшы иштеп жаткандыгын айтып өттү.
-Ооба, милиция кызматкерлерине ишеним начар. Себеби илгертен бери ишеничтен кеткен учурлары болгон. Эптеп кылмыштын бетин ачыш үчүн күнөөсүз эле бирөөлөрдү кармап келип, мойнуна алдырып, “ишти ачтык” деп койгон учурлар кездешчү.
Азыр андай эмес. Милиция жакшы иштеп жатат. Болгону, мурдатан калган ишенбөөчүлүк бар, элде. Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат.
Кээ бир жарандарыбыз: “ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек” деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн.
Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек. Мындан тышкары, медиа сабаттуулукту сакташ ар бирибизге тиешелүү,-деди мамлекет башчы Фейсбук баракчасында.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3 – октябрында саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси, 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.
Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, ички иштер органдарына берилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




