Президент христиандарды пасха майрамы менен куттуктады

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 20-апрелде, президент Садыр Жапаров өлкөнүн христиандарын пасха майрамы менен куттуктады.  

«Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын правслав дининин өкүлдөрү! Сиздерди Пасха майрамы, жан дүйнөнүн,сүйүүнүн, боорукерлик жана үмүттүн жаркы майрамы менен куттуктайм. Пасха христиандардын турмушунда өзгөчө орунду ээлейт, ал ийги иштерди, тынчтыкты, биримдикти, адамдар арасында түшүнүшүүнү бекемдейт. Бул жаркын күн жан дүйнө баалуулугун эске салып,  этникалык айырмачылыгына, тутунган динине карабастан, адамдарды бириктирет. Кыргыз Республикасы бардык конфессиялар, этностор жана маданияттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган мамлекет болуп кала берет. Бул майрам ар бир үйгө жылуулук, бакубаттык, кубаныч алып келсин! Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнөнүн тынчтыгын, бакыт жана эртеңки күнгө ишенимди каалайм!” деп айтылат куттуктоодо.

Пасха—православ христиандарынын негизги диний майрамы, Иса пайгамбардын жан дүйнөнү жабыркоодон сактап калыш үчүн жашоого кайтып келишине ишенген күн, өзгөчө майрам.

Бул күнү православ христиандары жумуртканы боеп, таттуу токоч—кулич жана пасха—быштак менен мейиз кошулган азык жасап, Иса пайгамбарды, анын жашоого кайтып келишин, жаздын жаркын күнүн, жашоонун маңызын даңазалап, бул жашоодон өтүп кеткендерди эскеришет.

Алар бири-бирин «Христос воскресе!” (“Иса пайгамбар кайтып келди!”) деп куттукташып, “Воистину воскрес! ( “Чындыгында тирилип келди!”) деген жооп алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты