Президент Германиянын ири компания өкүлдөрүн кабыл алды

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, адистештирилген жабдууларды өндүрүү тармагындагы ири германиялык компаниялардын жетекчилерин кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, «Arinstein Maschinen und Anlagenbau» — станокторду жана системаларды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча компания, «Arpack Polska» — пластик таңгактоочу продукцияны, «WWW Wasserkraft» — турбиналарды, гидравликалык системаларды жана гидроэлектростанцияларды чыгарат.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча тил табыша ала тургандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде германиялык компаниялардын жетекчилери кыргыз тарап менен өнөктөштүккө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кылдат изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты