“Президент” аттуу документалдуу тасманын үчүнчү сериясы бүгүн көрсөтүлөт
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 7-январда, “Президент” аттуу документадык жаңы тасманын үчүнчү сериясы көрсөтүлөт.
Тасманын автору фильм өзүнүн «Айбек Бийбосун уулу» Ютуб-каналында саат 19:00 дө көрсөтүлөрүн Фейсбук социалдык тармагына жазды.
Бул бөлүктө Кыргызстандагы негизги окуялар, уюшкан кылмыштуу топтун жана коррупциянын башында тургандар тууралуу болору айтылат.
Кечээ, 6-январда, тасманын 2-сериясы көрсөтүлдү, анда кыргыз-тажик жаңжалы, куралдуу кагылышуудан кийинки президенттердин жолугушуусу баяндалат. Түркиянын Кыргызстанга берген «Байрактар» жардамы, Эрдогандын таарынычы баяндалат. Президент Жапаров Борбор Азия мамлекеттери чек ара маселесине кантип чекит койгонун айтып берген. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ал кездеги тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, учурдагы тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоев ал учурдагы окуялар тууралуу айтып берген.
Буга чейин документалдуу фильмдин 1-2-сериялары көрсөтүлгөн.
Сүрөт: president.kg




