«Президент» аттуу документалдык тасма көрсөтүлө баштады
- 1 месяц мурун
“Президент” аттуу документалдык тасма жарыкка чыгып, анын биринчи бөлүгү кечээ, 5-январда көрсөтүлдү. Документалдык тасманын автору — белгилүү журналист Айбек Бийбосун уулу. Оператору- Азис Самарбеков.
Тасма тууралуу Айбек Бийбосун уулу мындай деп социалдык тармакка жазды:
“Достор, сиздерге “Президент” деп аталган документалдуу тасмабызды сунуштаганы турабыз. Анда президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да биз менен ачык болду деп айта алам. Документалдуу тасма төрт сериядан турат. Биринчи сериясы 5-январда саат 19:00до, калганы 6-7-8-январда Айбек Бийбосун уулу ютуб каналына жарыяланат”.
Документалдуу фильмдин биринчи сериясы кечээ, 5-январда, Айбек Бийбосун уулунун Ютуб-каналында көрсөтүлдү. «Президент» аттуу документалдуу тасманын биринчи сериясында 2020-жылдагы Октябрь окуялары, Садыр Жапаровдун бийликке келиши баяндалат. Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кени мамлекетке кантип алынганын, канадалык «Центерра голд» компаниясы менен жүргөн сүйлөшүүлөрдүн айрым жагдайларын ачыктаган.
“Кумтөргө” байланыштуу туңгуч президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип-кетиши жана күбө катары көрсөтмө бериши тууралуу сөз болот. Тасмада документалдуу видео хроника, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, юстиция министри Аяз Баетовдун маектери да камтылган.
Фильмдин кийинки сериялары 6-7-8-январда көрсөтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




