Президент дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди
- 3 недели мурун
- Видео
Садыр Жапаров дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турган Ысык-Көл районундагы жана Кырчын жайлоосундагы даярдык иштерин текшерди.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов билдирди.
Салынып жаткан айланма жолдон жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып, көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди көрүп чыкты.
Ошондой эле мамлекет башчы Ысык-Көл акваториясын кыдырып, браконьерлик менен күрөшүү иштеринин жыйынтыгына көңүл бурду.
Ийгиликтер менен кошо көлгө салынган балык торлору, ошондой эле ар кандай таштандылар дагы деле чыгып жаткандыгын баса белгиледи.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта өткөрүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




