Президент Берлинде элчилик аймагындагы “Жаш манасчы” айкели менен таанышты

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германия иш сапарынын алкагында Берлинде, Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Жаш манасчы” айкели менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   

Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев айкел темирден жасалып, кыргыз чеберлери тарабынан Кыргызстандын аймагында куюлганын айтып берди.

“Жаш Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен салттарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

Президент Садыр Жапаров бул айкелдин Кыргызстандын элчилигинде пайда болушун канааттануу менен белгиледи.  “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарына токтолду. Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын эскертип турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты