Белгилүү актер Руслан Курманалиев 53 жашында дүйнөдөн кайтты

  • 11 месяцев мурун

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын артисти, белгилүү актёр Руслан Курманалиев 53 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Руслан Курманалиев 1972-жылы Нарын облусунун Сары-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. 1987-жылы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырып, чыгармачылык жолун баштаган.

Өмүрүн өнөргө арнаган Курманалиев 30 жылдан ашык убакытта театр жана кино тармагында эл сүймөнчүгүнө ээ болгон көптөгөн ролдорду жаратты. Анын сахнада жана экранда аткарган 80ден ашык образы кыргыз маданиятынын бай мурастарынын катарына кирип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды.

Ал чыгармачылык жолун «Жайсаң» театрынан баштап, кийин «Тунгуч» жаштар театрында иштеп, 2000-жылдан тартып, Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына өттү. 2021–2024-жылдары аталган театрдын көркөм жетекчиси болду. Анын жетекчилигинин алдында театр эл аралык аренада да ийгиликтерге жетишти.

Кино тармагында да ондогон фильмдердеги ролдору менен көрүүчүлөргө таанымал болду.

Руслан Курманалиевдин жаркын элеси, анын сахнада жана кинодо жараткан образдары элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маданият министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана өнөр сүйүүчүлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты