Президент “Ак-Ордо” жаңы конушундагы үйү түрттүрүлгөн аял менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, «Ак-Ордо» конушунда жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту.

Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчы маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана кичине төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.

Сот органдары аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан.

Президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты