Премьер-министр Жапаров германиялык ишкерлерди кызматташууга чакырды

  • 6 месяцев мурун

Кыргыз-герман ишкерлер кеңешин түзүү эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара мамилеге жаңы дем берерин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Гамбург шаарында өткөн кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда билдирди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаровдун айтымында, пессимисттик болжолдорго карабастан, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу 107,0% түздү. 2022-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 1,1% түздү. Жакында жарыяланган БУУнун Туруктуу өнүгүү баяндамасына ылайык, Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда, БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи.

Белгиленгендей. бизнес-кеңештин алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары болуп финансы сектору, өнөр жай, агроөнөр жай сектору, кайра жаралуучу энергия булактары , логистика жана инфраструктура, маалымат технологиялары жана кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу саналат.

«Кыргызстандын жер казынасы пайдалуу кендерге бай, алтынга, көмүргө гана эмес, темирге да бай – бир гана кендин бир участогунда эле 5 млрд тоннадан ашык руда бар, титанга, ошондой эле учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ болгон сейрек кездешүүчү металлдарга (европий, цирконий, цезий, лантаноиддер тобу ж.б.) бай.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын март айында Европалык Комиссия 34 минералды камтыган Критикалык маанилүү чийки зат тууралуу актыны кабыл алган.

Анын ичинен 17 элемент стратегиялык чийки зат катары саналат. Бул 17 стратегиялык материалдын 10у Кыргызстандын кендеринде бар экенин белгилегим келет. Мисалга бир эле кендеги титаномагнетиттин болжолдонгон запасы 20 млн тоннага жакын, ал эми 21 элементти камтыган сейрек кездешүүчү металлдардын запасы 60 миң тоннадай деп айта алам. Биз германиялык өнөктөштөрүбүздү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тармагы – тоо-кен тармагына инвесторлорду күтөбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты