Преференциялар Кыргызстан товарларынын Европа Бирлиги өлкөлөрүнө кирүүсүн камсыздайт
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа бирлиги» биринчи саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта катышты.
Мамлекет башчы Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын ишенимдүү өсүшүн канааттануу менен белгиледи.
-Акыркы төрт жылда Кыргызстандын Европа бирлигинин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге, анын ичинде импорт – 2,6 эсеге, экспорт – 1,5 эсеге өстү.тМындай ийгиликтер рыноктордун ачыктыгынын жана «Преференциялардын жалпы системасы плюс» демилгесинин аркасында мүмкүн болду, ал Кыргызстандан чыккан товарлардын Европа бирлигине мүчө болгон 27 өлкөнүн рыногуна кирүүсүн камсыздайт,- деди Садыр Жапаров.
Инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап транспорттук коридорлорду түзүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде мамлекет башчы Европа бирлигинин Борбор Азияда туруктуу транспорттук өз ара байланышты өнүктүрүүгө жалпы суммасы 10 млрд еврону түзгөн каражаттарды инвестициялоо демилгесин кубаттады.
Сүрөт: president.kg