Прагада өкмөткө каршы митингге 70 миң адам катышты

  • 2 года мурун
Прагада өкмөткө каршы митингге 70 миң адам катышты

Чехиянын полициясы ишемби күнү Праганын борборунда өкмөткө каршы митингге кеминде 70 миң адам катышканын билдирди.

Чогулгандар Министрлер кабинетинин отставкага кетишин, өлкөнүн бейтараптыгын жарыялоосун жана арзан газды Орусиядан сатып алуу боюнча келишимдерди түзүүнү талап кылышты.

Вацлав аянтындагы «Биринчи кезекте — Чехия» деген аталыштагы акция Европа Биримдигине, НАТОго каршы жана Орусия менен болгон согушта Украинага колдоо көрсөтүү ураандары менен өттү. Оңчул жана ашынган солчул күчтөрдүн өкүлдөрү Украинадан качкындарды кабыл алууну чектөөнү, бейтараптуулукту жарыялоону жана «Брюссел же Украина эмес, чех өкмөтүн түзүүнү талап кылышты» деп жазат Lidové noviny гезити.

Өкмөт энергиянын кымбатташы жана инфляциянын жогору болушу үчүн сынга алынууда. Премьер-министр Петр Фиала митингди Чехиянын кызыкчылыгына каршы чыккан орусиячыл уюмдар уюштурганын билдирди.

Жума күнү парламенттеги оппозиция чех өкмөтүн отставкага кетире тургандай добуш топтой алган эмес. Дебаттар жана добуш берүү 22 саатка созулуп, Министрлер кабинетинин отставкасы үчүн 200 депутаттын 84ү добуш берген. Өкмөт кетиш үчүн 101 добуш керек болот. Өкмөттүк коалиция төмөнкү палатадагы көпчүлүк орундарды көзөмөлдөйт.

Евробиримдиктин ичинде Чехия Москвага карата катаал позицияны жактайт. Өлкө орус дипломаттарынын көбүн өлкөдөн чыгарып, Орусияга каршы санкцияларды колдоп, орус жарандарына визанын көпчүлүк түрлөрүн берүүнү токтотту жана орусиялык студенттердин университеттерде билим алуусуна чектөө койду.

Акцияны уюштуруучулардын айтымында, ишемби күнкү митингге 100 миңден кем эмес киши катышты. Алар өкмөт отставкага кетпесе, жалпы улуттук иш таштоого баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты