«Порнофильмы» тобу Бишкектеги концерти үзгүлтүккө учураганын билдирди

  • 1 год мурун

Кыргызстандын күч түзүм кызматкерлери орусиялык «Порнофильмы» панк-тобунун Бишкектеги концертин үзгүлтүккө учуратышты. Бул тууралуу топтун «Инстаграмдагы» расмий баракчасына жазылды.

«Порнофильмы» – Владимир Путинге жана Украинадагы согушка каршы экенин билдирип келген музыканттардан турган орусиялык топ.

Маалыматка караганда, концерт 10-июнда Бишкектеги клубдардын биринде өтүшү керек болчу. Бирок ал жерге күч түзүм кызматкерлери барып, «музыканттарды коркутушкан». «Биз концертти шаардагы башка жайларда өткөрүүгө аракет кылдык. Бирок алардын баарына биз менен кызматташпоо керектигин эскертип коюшуптур» деп айтылат топтун билдирүүсүндө.

Анда Кыргызстандын укук коргоо органдары музыканттарга кандай дооматтарды айтканы жазылган эмес. Азырынча бийлик бул боюнча расмий комментарий бере элек. Буга чейин «Порнофильмы» тобунун коңшу Казакстандагы концерти эч тоскоолдуксуз өткөн.

Буга чейин 4-июнда Бишкекте орусиялык активист, «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы Алёна Крылова кармалганы белгилүү болгон.  Орусияда экстремисттик деп табылган «Левое сопротивление» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышып жүргөн. Орусияда Крыловага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө каршы «Экстремисттик уюм түзүү» беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

6-июнда Екатеринбургдагы аскердик комиссариатка өрт коюуга айыпталган активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга депортацияланган. 9-июнда Бишкекте «Левый блок» кыймылынын активисти Лев Скорякин кармалганы кабарланган.

Сүрөттө: Порнофильмы» тобунун солисти Владимир Котляров

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты