Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы: Салтанаттуу концерт өттү

  • 3 недели мурун

Кечээ, 27-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, композитордун жакын туугандары, маданият жана искусство өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана студенттер катышты.

Салтанаттуу кече Атай Огонбаевдин бай чыгармачылык мурасына арналды. Концерттик программада композитордун белгилүү чыгармалары жаңырды. Анын чыгармаларын белгилүү аткаруучулар аткарды.

Маараке алкагында Атай Огонбаевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы токтомуна ылайык, Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси юбилейлик иш-чаралардын мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Анын алкагында  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананда «Атай Огонбаев» энциклопедиясынын биринчи томунун бет ачары өткөрүлдү.

Ноябрь-декабрь айларында илимий-практикалык конференция, ошондой эле документалдуу жана көркөм тасманын бет ачары өтөт.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды «Атай Огонбаев жылы» деп жарыялап, анын алкагында бир катар эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты