Бишкекте майрамдык концерт өттү

Кечээ, 22-февралда, Бишкек шаарында, Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоо  күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү.

Салтанаттуу кече диджейлердин музыкалык аткаруулары, көркөм бий номери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын үйлөмө оркестринин аткаруусу менен ачылды.

Концерттик программага белгилүү ырчылар жана аткаруучулар катышты: Стас Михайлов, Zivert, Филипп Киркоров, Николай Басков, Слава, Tasso, ошондой эле кыргыз эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Омар, Гулзада Рыскулова, Жылдыз Осмоналиева жана Аксай катышты.
Кеченин өзгөчө окуяларынын бири концерт көрүүчүлөрүнүн арасында өткөрүлгөн байге ойнотуу болду. Оюндун алкагында 10 даана CHANGAN автоунаасы, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети тапшырылды.

Бишкекте майрамдык концерт өттү
Бишкекте майрамдык концерт өттү
Бишкекте майрамдык концерт өттү
Бишкекте майрамдык концерт өттү

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты