Бишкекте айтылуу ырчы Шакира концерт берди
- 17 часов мурун
- Видео, Жаңылыктар
Кечээ, 18-октябрда, «Бишкек Арена» улуттук стадионунда дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын дүйнөлүк турунун алкагында концерти болуп өттү. Иш-чарага 40 миңден ашуун көрүүчү катышты.
Көрүүчүлөр социалдык тармактарда Шакиранын концертинен алган өзгөчө таасирлер менен, анын бийи, ырынын видео тасмалары менен бөлүшүп жатышат.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, стадиондун аймагында жана ага чектеш тилкелерде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 3 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылышты.
Сүрөттө: Шакира. Интернет булактарынан




