Понтонду айдап кеткен толкундардан 8 киши куткарылды
- 1 год мурун
- Видео
8-июль күнү саат 16:30да Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) нөөмөт бөлүмүнө Кажы-Сай айылында «Бустон» пансионатынын пирсин куруп жаткан 8 жумушчу көл үстүндө понтон менен иштеп жаткан учурда катуу шамалда толкун аларды көл жээгинен 3-4 чакырымга чейин айдап кеткендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окуя болгон жерге Тоң РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана туристтик экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тез арада барган. Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге ыкчам куткаруу иштерин жүргүзүп, туристтик-экологиялык милиция кызматынын моторлуу кайыгынын жардамы менен 8 жумушчуну аман-эсен көл жээгине алып чыгышкан.
Куткарылгандар аман-эсен, ден соолуктарына эч кандай зыян келген эмес.
Сүрөт: Ысык-Көл ОИИББ басма сөз кызматы




