Польшалык фермерлер чек арада украин жүк унааларындагы буудайдын бир бөлүгүн төгүп салышты

  • 2 месяца мурун

Поляк дыйкандары украиналык унааларга жүктөлгөн эгиндин бир бөлүгүн эки өлкөнүн чек арасындагы жолго төгүштү. Учурда полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Жүк ташуучу унаалар кайра Украинага кайтышты.

Маалыматка караганда, окуя 11-февраль күнү эртең менен польшалык фермерлер нааразылык акциясын өткөрүп жаткан «Ягодин – Дорогуск» өткөрмө бекетине жакын жерде болгон.

Жергиликтүү полициянын өкүлү Хелма Ева Чиждин айтымында, Украинанын жарандары башкарган үч жүк ташуучу унаа бажы процедураларынан өткөндөн кийин Польшанын аймагына кирген.

«Акциянын катышуучулары аларды андан ары өткөрбөй, бир аздан соң чиркегичтерин ачып жиберишкен. Мындан улам андагы буудайдын бир бөлүгү жолго төгүлгөн. Айдоочулар кайра Украинаны көздөй кетишкен» деди Хелма Ева Чиж.

Анын айтымында, ортодо «катуу тирешүү» болгон эмес. Укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«Биз күбөлөрдү сурап, окуяга катышкан адамдардын маалыматтарын тактап, текшерүү жүргүзүп жатабыз. Кылмыш жана укуктук экспертизалар үчүн иштин материалдары прокуратурага жөнөтүлөт»деди Чиж.

Польшада фермерлердин нааразылык акциялары өткөн күздөн бери уланууда. Өлкөдө 9-февралда жалпы улуттук нааразылыктар башталган. Фермерлер Украина менен чек арадагы өткөрмө бекеттерге бара турган жолдорду тосууда. Алар Киев үчүн каралган транспорттук визасыз режимге нааразы.

Ага ылайык, украиналык жүк ташуучулар Европа биримдигине (ЕБ) жүк ташууда атайын уруксат алуудан бошотулган. Мындай келишимге Украина менен ЕБ Орусиянын толук масштабдуу агрессиясы башталган 2022-жылдын февралынан кийин украин экономикасын колдоо максатында кол коюшкан. Өз кезегинде украиналык жүк ташуучулардын кыйла арзан кызматтары Польша рыногуна сокку болгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты