Польша Орусия жана Беларус менен чек арасын миналоону пландоодо

  • 2 месяца мурун

Польша төрт жылдык «Чыгыш калканы» программасынын алкагында Орусия жана Беларус менен чек арасын миналоону пландап жатат. Бул тууралуу RMF24 радиосу Польшанын улуттук коргоо министри Владислав КосиниакКамышка шилтеме кылып кабарлады.

Министрдин айтымында, «Чыгыш калканы» программасы – 1945-жылдан бери НАТОнун чыгыш чектерин бекемдөө боюнча эң ири операция». Польша чек араларын бекемдөөгө 2,5 миллиард доллар сарптайт.

Алар миналанган талаалардан тышкары чек арага «чептерди, ар кандай типтеги тосмолорду, ошондой эле ар бир параметрде аба мейкиндигин көзөмөлдөөнүн заманбап системаларын» курууну пландаштырууда.

Польшанын Башкы штабынын башчысы Вислав Кукулдун айтымында, миналардын өзүн жайгаштыруу Польша «согуш болоруна көзү жеткенде» гана ишке ашат.

Дүйшөмбү күнү Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски бийлик орус дипломаттарынын өлкөдө жүрүүсүнө чектөө киргизилерин билдирген. Бул Евробиримдикте биринчи жолу болуп жатат.

Польша менен Орусиянын мамилеси Украинадагы согушка байланыштуу өтө чыңалган абалда. Бирок тараптар дипломатиялык мамилелерди сактап, Орусиянын элчиси Польшада дагы деле иштеп жатат.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты