Польша: Оппозиция акциясына жүз миңдеген адам чыкты

  • 7 месяцев мурун

Польшанын борбору Варшавада 1-октябрда оппозициянын тарапташтарынын «Миллион жүрөктүн маршы» деп аталган акция өттү. Шаар бийлигинин эсебинде, демонстрацияга миллионго жакын адам чогулду.

«Жарандык платформа» оппозициячыл кыймылы уюштурган митингдин катышуучулары ак-кызыл желектерди көтөрүп, Варшаванын борбордук аянтын жана көчөлөрдү ээлешти.

«Мен жүз миңдеген жылмайган жүздөрдү көргөндө мекенибиздин тарыхында өзгөрүү күндөрү жакындап калганын сезип турам»деди «Жарандык платформанын» башчысы Дональд Туск.

Ошол эле күнү өлкө түштүгүндөгү Катовица шаарында өткөн бийликтеги «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын курултайына он миңдей адам катышты.

Польшада 15-октябрда шайлоо өтөт. Сурамжылоолорго караганда, аталган партия жана анын өнөктөштөрү алдыда келатканы менен парламенттеги көпчүлүк орунга ээ боло албай калышы мүмкүн. Туск жана анын тарапташтары бийликтеги партияны Польшаны Евробиримдиктен чыгаруу жана аялдардын, азчылыктардын укуктарын чектөө аракеттери үчүн сынга алып келишет. Ал эми бийликтеги партия оппозицияны «мигранттарга жол ачууну көздөйт» деп айыптап келет.

Сүрөт: Варшава, 1-октябрь 2023. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты