АКШда Дональд Трамптын иш-аракеттерине каршы акцияга чыгышты
- 3 месяца мурун
Ишемби күнү, 19-апрелде АКШда президент Дональд Трамптын иш-аракеттерине каршы миңдей адам демокстрацияга чыкты.
Бул тууралуу Би-Би-Си орус кызматы билдирди.
Демонстрация “505010” — 50 протест, 50 штат, бир кыймыл деп аталып, АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына арналды.
Ошондой эле Ак үйдүн жана Tesla дилердик борборлорунда ар кыл жүйө менен каршылыктарын билдиришти. Көпчүлөк Сальвадорго жөнөтүлүп жиберилген Килмар Абрего Гарсияны катарууну да талап кылышты.
АКШда саясий каршылык көрсөтүү кеңири тарап жатат, ал эми апрель айынын башындагы “Колуңду тарт!” деген аталыштаг демонстрациялар көптөгөн адамдарды чогулткан.
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү