“ПолитКлиника” медиасы 10 жылдыгын белгиледи

Кечээ, 31-мартта, Бишкек шаарында “ПолитКлиника” медиасы уюшулгандыгынын 10 жылдыгын белгиледи. Ага медианын эмгек жамааты, өнөктөштөрү, кесиптештер жана меймандар  катышты.

“ПолитКлиника” алгач 2013-жылы 28-мартта гезит катары биринчи санын жарыкка чыгарган. Замандын агымына жараша, 2019-жылы онлайн медиага өтүп, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы алдыңкы онлайн платформалардын бирине айланды.

“ПолитКлиника” медиасы коомдук-саясий темадагы популярдуу интервьюлар, журналисттик иликтөөлөр, дата-материалдар, факт-чекинг жана башка журналистиканын бардык жанрында, ийгиликтүү ат салышып келе жатат:  

Жаш журналисттер мектеби уюштурулуп, жаштар өсүп келе жатат.

“ПолитКлиника” объективдүүлүк, ар тараптуулуук, чынчылдык принциптерин бекем карманып, Кыргызстандагы эркин журналистиканын өнүгүшүнө чоң салым кошууда.

“ПолитКлиника” медиасы бардык окурмандарына, өнөктөштөрүнө, кызматташкан авторлоруна ыраазылык билдирет жана мындан аркы кызматташуу да ийгиликтүү болоруна ишенимин билдирет.

“ПолитКлиника” медиасы 10 жылдыгын белгиледи
«ПолитКлиника» медиасынын жамааты.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты