Депутат Эрулан Кокулов айрым журналисттерди сындап чыкты
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов өлкөдөгү терс көрүнүштөрдү сындап, анын ичинде журналисттерди жарыялаган материалдары үчүн “бизнес” жасап, акча алат деп сындап, Министрлер кабинетинен көзөмөлгө алууну өтүндү.
Депутат Кокулов мындай деди:
-Кыргызстанда журналисттер калган жок. Мен да силердин коллегаңармын, мурда мен да журналист болгом. Журналистика мыйзамын силерден жакшы окуган үчүн ушул деңгээлге жеткем. “Не сахар” долбоору да ушул деңгээлге жеткен. Булар (журналисттер-ред.) мени жамандап жатышат. Эмне себептен экен десем, булар “бизнес” кылат экен. Менин депутат коллегаларым жакшынакай эле чыгып жатат. Көрсө, булар акча алат экен. Булардын бир айлык, жарым жылдык “контрагы” бар экен, ошонун негизинде жакшы видеолорду чыгарат экен. Эмнеңер журналист силердин? Кайсы арыңарга биз “мындайбыз, тигиндейбиз, укмушпуз” деп жүрөсүңөр? Бир нерсе болсо эле “сөз эркиндиги, бизди сүйлөтпөй жатат” дейсиңер. Силер мыйзамды бузуп жатсаңар, сүйлөтпөйт да. “Не сахар” долбоорун алып барып, бир жолу да соттолгон жокмун. Анткени мен мыйзамды сактачумун,- деди депутат.
Депутат Эрулан Кокуловдун журналисттер тууралуу жогорудагыдай айтуусуна, өзү текшерип барган «Аврора» эс алуу жайындагы көрсөтүлгөн кемчиликти актоо үчүн тартылган видеону жарыялаган басылмалар себепчи болгон.
Депутат текшерип барган пансионаттын артынан калп айтылган деген видеону жарыялаган басылмаларды атады.
Эл өкүлү өзү “Аврора” эс алуу жайынан көргөн терс нерсени акташ үчүн тартылган видеону Жогорку Кеңеш жыйынынан көрсөтүп, анда коридорду ашкана деп алдап жатышканын белгиледи.
Аталган басылмалар депутат Кокуловдун айткандары боюнча жооп бере элек.
Сүрөт: kenesh.kg




