Коомчулук бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишеним артып турат. Журналисттердин кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбековго, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Өлкөбүздө адилеттүүлүктү, мыйзам үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоо принциптерин чыңдоо баарыбыз үчүн маанилүү. Ушул максатта көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү катары ачык кайрылуу жолдойбуз.

Акыркы жылдарда журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси жана башка беренелер боюнча козголгон иштер коомчулукта ар түрдүү ача пикирлерди жаратып келет. Коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам, коомчулук мындан ары  бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турат.

Адам укугуна, сөз эркиндигине байланыштуу маселелер коом үчүн өзгөчө сезимтал тема болуп саналат. Айрым медиалардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилгени, кээ бир журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону элибизде тынчсызданууну пайда кылды.

Өлкөдөгү акыркы окуяларды, коопсуздук органдарын реформалоо боюнча кабыл алынган чечимдерди, ошондой эле коомчулуктун укуктук аныктуулукка жана адилеттүүлүккө болгон суроо-талабын эске алуу менен төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштайбыз:

  1. 278-беренеге байланыштуу иштерге кошумча, көз карандысыз жана ар тараптуу талдоо жүргүзүү
  2. Чыгарылган өкүмдөрдүн мыйзамдуулугн  текшерүү Негиз бар болгон учурда сот чечимдерин кайра кароо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо
  3. Процессуалдык мыйзам бузуулар орун алганы аныкталса, тиешелүү органдардын аракеттерине кызматтык жана укуктук баа берүү 
  4. ЖМК өкүлдөрүнүн, активисттердин укуктары тебеленген учурлар такталса, келтирилген зыяндын ордун компенсациялоо.
  5. Кылмыш куугунтугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын кайтып келишине укуктук шарттарды түзүү

Биз бул кайрылууну   мамлекеттик институттар менен жарандык коомдун ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө ниетинде жолдоп жатабыз. Ачык диалог, адилеттүү кароо жана мыйзамдуулукка таянган чечимдер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Урматтоо менен,
Көз карандысыз журналисттер коомчулугунун өкүлдөрү:

  1. Лейла Саралаева — “Новые лица” онлайн басылмасынын редактору. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын мүчөсү
  2. Адиль Турдукулов — “Шаман ТВ”  продакшн-студиясынын журналисти. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын мүчөсү
  3. Булат Сатаркулов — “Шаман ТВ” продакшн-студиясынын журналисти. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын мүчөсү
  4. Нургүл Шаршембиева — “Журналисттер үйү” коомдук бирикмесинин директору. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын Координациялык кеңешинин мүчөсү
  5. Дмитрий Ложников — “Тандыр Медианын” редактору. Кыргызстан Медиа платформасынын мүчөсү
  6. Махинур Ниязова — журналист. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын Координациялык кеңешинин мүчөсү
  7. Жаркын Ибраева — “Долон Медиа” аткаруучу директору
  8. Сайпидин Султаналиев – журналист
  9. Асель Сооронбаева —  журналист
  10. Эльмира Токтогулова —  медиа-эксперт
  11. Жибек Бегалиева – журналист
  12. Бактыгүл Чыныбаева – журналист
  13. Канат Каниметов – журналист
  14. Ибраим Нуракун уулу – журналист
  15. Бурул Усманалы, жарандык активист
  16. Дилбар Алимова, “ПолитКлиника” медиасынын башкы редактору
  17. Айгүл Бакеева, журналист
  18. Баян Жумагулова, журналист

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты