Полиция Европарламенттин эки өлкөдөгү имараттарында тинтүү жүргүздү

  • 2 месяца мурун

Полиция орусиялык пропаганданы жайылтуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Европарламенттин Брюсселдеги жана Страсбургдагы имараттарын тинтүүгө алды. Мындан тышкары Брюсселдеги парламент кызматкеринин үйү да тинтилгени кабарланды.

Тинтүү Нидерланддын ашынган оңчул депутаты Марсель де Графтын жардамчысы Гийом Прадурдун жумуш ордунда жана үйүндө болгон. Ал буга чейин оңчул популисттик «Германия үчүн альтернатива» партиясынын депутаты Максимилиан Кранын жардамчысы болуп иштеген.

Бельгия прокуратурасы Европарламенттин депутаттары Чехияда катталган «Европа үнү» (Voice of Europe) сайтына орусиялык пропаганданы жарыялаганы үчүн акча алган-албагандарын аныктоого аракет кылууда.

Май айынын аягында Чехия менен Евробиримдик бул басылманы Украинанын эгемендигине жана бүтүндүгүнө шек келтирген маалымат өнөктүгүн уюштурду деп айыптап, ага каршы санкцияларды киргизген.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты