Подряддык уюмдун директору коррупцияга шектелип кармалды

  • 9 месяцев мурун

Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө, суу менен камсыздоо жана канализацияны оңдоого бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүлүүсү иш аткаруучу Г.Т.И., компаниясынын башкы директору А.Н.А. тарабынан аткарылган жумуштардын бааларын жалпы көлөмү 27,2 млн сомго жогорулаткандыгы аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ишкананын жетекчиси А.Н.А.га кылмыш-жаза кодексинин  336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты