Подряддык уюмдардын беш жетекчиси УКМКнын тергөө абагына киргизилди

  • 11 месяцев мурун

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө А.Б., А.Н., Б.С., Ю С.С., С.Н. подряддык уюмдары тарабынан аткарылган иштердин алдын ала зыяны 18 211 822 сомду түздү. Аталган компаниялардын жетекчилери жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Буга чейин маалымдалгандай, УКМК Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын бир катар кызмат адамдарын Ош облусунун «Кең-Сай» конушундагы жолдорду, суу түтүктөрүн жана электр энергиясын курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча кармаган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында подрядчылар тарабынан турак жайдын кире бериш жана айыл ичиндеги жолдорун куруу боюнча аткарылган иштерди текшерүүгө багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө А.Б., А.Н., Б.С., Ю С.С., С.Н. ЖЧК подряддык уюмдары тарабынан аткарылган иштердин алдын ала зыяны 18 211 822 сомду түздү. Аталган компаниялардын жетекчилери КР ЖПКнын 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чараларды көрүү улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты