“Почтальон” тасмасы Анкарадагы фестивалда атайын сыйлыкка татыктуу болду  

  • 6 месяцев мурун

Анкара шаарында “8-Түрк дүйнөсү” даректүү тасмалар фестивалынын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү.  

Фестивалга 23 өлкөдөн 372 даректүү  тасма келип түшкөн. Темага ылайыктуу 151 даректүү тасма сынакка кабыл алынган.

Бул жылы фестиваль 6-февралдагы Кахраманмараш жер титирөөсүндө каза болгон жарандарга арналды.

Ошондой эле 28-сентябрда дүйнөдөн кайткан түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсаны, азербайжандык депутат Ганире Пашаеванын элесине “Бир тууган хакастар”  тасмасына, “Түрк дүйнөсүнүн урмат сыйлыгы” Казакстандан Назгүл Кенжетайга берилди.

Музыка изилдөөчү, композитор, ырчы Ирфан Гүрдалга атайын сыйлык тапшырылды. 

Даректүү тасма фестивалында атайын сыйлыктар төмөнкү тасмаларга ыйгарылды:

Атайын сыйлык Кыргызстандан “Почтальон” тасмасы үчүн Ибадилла Ажибаевге ыйгарылды.

Атайын сыйлык «Жер титирөө жана Овакенттен келген өзбектер» аттуу фильм үчүн Түркиядан Хусейн Өзденге берилди. Калыстар тобунун атайын сыйлыгына «Сериялык космонавт» фильми менен Чарльз Эмир Ричард ээ болду.

8-Түрк дүйнөсү даректүү фильмдер фестивалында студенттик тасма категориясы да ыйгарылды. Биринчи байге «Чайыбызды терип жаткан Шерида Киран» (Түркия-Англия), экинчи сыйлык «Тирик Аскар» Шерзод Назаров (Өзбекстан), үчүнчү сыйдык «Ак тоонун балдары» Ялчын Чифтин (Түркия), калыстар тобунун атайын сыйлыгы Кеннеди Гүлбен «Ааарычынын төрөлүшү» (Түркия) берилди.

Клара Кудайбергенова, Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясынын Кыргызстандагы өкүлү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты