“Пиар-кампания менен алек болбогула”. УКМК Ош мэри Токторбаевдин демилгесин колдобой тургандыгын билдирди

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка аймактан Ошко кирген автоунаа айдоочулары үчүн акы төлөп кирүү демилгесин демилгесин колдобой турганын билдирди.

“Ошол эле учурда КР УКМК жетекчилиги түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт.

Мындан ары КР УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү ж.б. жетекчилер) ушул сыяктуу  туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырды.

Ошондой эле бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана шаарларынын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаарга кирген башка аймактын автоунаа айдоочулары үчүн акы алуу керектигин демилгелеген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты