Пентагон Украинанын илимий лабораторияларын колдогонун айтты

  • 2 года мурун

Украинанын биологиялык жана химиялык курал боюнча программасы жок.  Бул тууралуу АКШ Коргоо министрлигинин маалымат бюллетенинде айтылат.

Документте акыркы 20 жылда Вашингтон 46 лаборатория менен саламаттык сактоо мекемесин колдогону белгиленген. Алардын баары саламаттык сактоо жана айыл чарба тармагындагы ооруларды аныктоо менен алектенген.

Пентагон лабораторияларда иш Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюму менен кызматташтыкта жүргөнүн жазган. Коргоо министрлиги бул иш ооруларды эффективдүү аныктоону шарттаганын айтууда. Бюллетенде украин окумуштуулары эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барганы белгиленген.

Буга чейин Орусия Украинанын аймагында биологиялык куралга тиешеси бар лаборатория иштеп жатканын, аны АКШнын Коргоо министрлиги колдой турганын билдирген. Вашингтон да, Киев да бул айыптоону четке каккан.

БУУ Москваны бул сөзү үчүн сындаган. Уюм аларда Киевдин биологиялык курал чыгарып жатканы жөнүндө кандайдыр бир маалымат жок экенин ырастоодо.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты