Пенсиянын топтомо бөлүгүн турак жай алууда пайдаланууга уруксат берген мыйзамга кол коюлду    

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Маалыматта айтылгандай, мыйзамдын максаты эки пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Камсыздандырылган жарандар Министрлер Кабинети аныктаган тартипте турак жай сатып алууда же сатып алганда пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга укуктуу деген ченем каралган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты