Пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 900 сомдон кем эмес болот
- 3 месяца мурун
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тартып пенсия көбөйөт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-июнда өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде билдирген.
Кеңешмеде пенсиялык системаны реформалоого багытталган мыйзамдарга кол коюлгандыгы айтылды.
Анын алкагында, 1-июлдан тартып эң минималдуу пенсия 3 500 сом болсо, ал эми октябрь айынан баштап минималдуу пенсия 18%га жогорулап, 6 900 сомду түзө баштайт.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү