Паспорт берүү боюнча Москва районунун адиси пара опузалоого шектелүүдө  

  • 3 года мурун

25-январда  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн “Ш.Э.М.” аттуу жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси “Ш.Э.М.”, КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты