Садыр Жапаров Армениянын парламент төрагасы Ален Симонянды кабыл алды

  • 6 месяцев мурун

Президент Жапаров бүгүн, 4-сентябрда, Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонянды өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Мамлекет башчы Ален Симонянды жана Армениянын Улуттук жыйынынын мүчөлөрүн тосуп алып, Кыргыз Республикасы менен Армениянын ортосундагы достукка, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүшүн жогору баалай турганын белгиледи.

Мамлекет башчы мындай кадамдар мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууга жана жалпысынан ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян Армения менен Кыргызстандын эл аралык мамилелери туруктуу жана конструктивдүү мүнөзгө ээ экенин, өз ара сый-урматка жана диалогдордун ачыктыгына негизделгенин белгиледи.

Буга чейин Армениянын парламентинин төрагасы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушту.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты