Орусиялык алып баруучу Соловьевду Кыргызстанда persona non grata деп жарыялоо сунушталды

  • 4 недели мурун

Орусиялык алып баруучу Владимир Соловьевду Кыргызстанда persona non grata деп жарыялоо сунушталды. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактарда билдирди.  

“Мен анын айткандарын окудум. Тышкы иштер министрлиги Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, ага нота тапшырышы керек. Андай адамга (-Соловьевго-ред) өлкөгө кирүүгө тыюу салынып, «персона нон грата» деп жарыялаш керек» деп билдирди Бекешев.  

Россиялык алып баруучу Владимир Соловьев бир нече күн мурда эфирде АКШ Венесуэлага мамиле жасагандай, эл аралык укукка карабай, Россия Арменияга жана Борбор Азия республикаларына күч менен кирүү жагын караштырып, алардын орусиялык таасирден чыгуусуна жол бербөө керектигин билдирген.

Бул сөздөрдөн кийин Армения Орусиянын элчисин ТИМге чакырып, нота тапшырган. Өзбекстанда бир катар депутаттар жана блогергер сын пикирлерин билдирүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу үн ката элек.  

«Персона нон грата» (persona non grata) бул өлкө же уюм тарабынан ишенимден чыккан адам, чакырылбаган конок, эч ким көргүсү келбеген адам катары ага өлкөгө кирүүгө тыюу салуу болуп саналат. Өлкөгө кирөөгө тыюунун себебин айтуунун да кажети болбойт.   

Сүрөттө: Владимир Соловьев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты