Партиянын үгүт иш-чарасына окуучуларды катыштырганы жөнүндө маалыматты ИИМ текшерет

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясы үгүт иштерине мектеп окуучуларын катыштырды деген маалыматты текшерип жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Алай районундагы жолугушусуунда улуттук кийимчен жаш кыздар партия лидери Адахан Мадумаровду боорсок менен тосуп алганы тартылган тасма тараган. Анда мектеп курагындагы жигиттер дагы партиянын моюн орогучун тагынып, желегин көтөрүп турганын көрүүгө болот.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде үгүт иштерин окуу жайлардын имараттарында өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле үгүт иш-чараларына жашы жете электерди катыштырууга мыйзам жол бербейт.

Ушундан улам орто мектептин жетекчилиги тарабынан ыктымал болгон «административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактысын» текшерүү зарыл экени БШКнын сайтындагы маалыматта белгиленген.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушууга окуучуларды атайылап алып келүү болбогонун айтып жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты