Парламенттик шайлоодо талапкерлер 1 млрд. 582 млн сом сарптаган
- 1 неделя мурун
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы жөнүндө маалымат берди.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, талапкерлер тарабынан жалпысынан “Элдик Банк” жана “Айыл Банкта” 510 атайын эсеп ачылды.
29-ноябрга карата алынган банктык маалыматтарга ылайык, талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшүүлөрдүн жалпы суммасы 1 млрд. 791 млн. сомду түздү, анын ичинде:
— талапкердин өз каражаттары – 1 млрд. 092 млн. сом;
— саясий партиянын өз каражаттары – 3, 797 млн. сом;
— жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 659,063 млн. сом;
— юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 13,208 млн. сомду түздү.
Туура эмес түшкөн төлөмдөрдү кайтаруулар 22,079 млн. сомду түздү.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун каражаттарынан 1 млрд. 582 млн. сом сарпталган, анын ичинде:
— шайлоо төгүмүн төлөөгө 147, 080 млн. сом;
— мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге кызмат көрсөтүүлөр үчүн ( имараттарды ижарага алуу, маданият мекемелеринин залдарын жана жайларын, ошондой эле жабдууларын, инвентарларын берүү ж.б. ) – 158,9 млн. сом;
— ар кандай кызмат көрсөтүүлөр үчүн (командировкалык чыгымдар, байланыш кызматтары, товар, жабдуу, күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуу, ижара боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык, консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр жана контракттар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, үгүтчүлөргө, штабдын кызматкерлерине ж.б. көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр) – 1 млрд. 134 млн. сом;
— үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн – 230,7 млн. сом
— шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан аткарылган иштер / көрсөтүлгөн кызматтар үчүн башка чыгымдарды төлөөгө 42,038 млн. сом.
Туура эмес түшкөн төлөмдөрдү артка кайтаруулар 15,931 млн. сомду түздү.
Талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы 209,2 млн. сомду түздү.
Ар бир талапкердин шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын суммасы мыйзамдардын ченемдерине туура келет: жогорку чектен төмөн (башкача айтканда, 1 талапкерге 20 млн. сомдон ашпайт).
БШКнын депозиттик эсебине түшкөн шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147,080 миң сомду түздү, анын ичинде:
— 478 өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 300 000 сомдон (143,400 млн. сом);
— I-II топтогу майыптыгы бар өзүн-өзү көрсөткөн 14 талапкерден 50 000 сомдон (0,7 млн. сом);
— III топтогу майыптыгы бар өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкерден 70 000 сомдон (0,28 млн. сом);
— “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн 9 талапкерден 300 000 сомдон (2,700 млн. сом).
БШКга түшкөн шайлоо төгүмдөрү республикалык бюджетке которулууга тийиш.
Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
Шайлоочулар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлады.
(БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




