Парламенттик шайлоо: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 31пайызы добуш берди
- 7 месяцев мурун
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого саат 18:00гө карата шайлоочулардын 31 пайызы же 1 млн 330 миң 602 адам добуш берди.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
КР БШК төрагасы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү 40 %ды түзгөн округдарды атады. Алар: № 4, 10, 13 жана 30 шайлоо округдары. Ал эми шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн округдар – Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы округдар, мында көрсөткүч орто эсеп менен 25-26 %дын деңгээлинде.
Бүгүн аралыктан добуш берүүнүн колдонулуп жаткандыгын жана чет өлкөлөрдөгү участоктор Бишкек убактысынан кеч жабыла тургандыгын эске алган төрага шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусунун көрсөткүчү көбөйөт деген ишенимин билдирди.
Төрага бүгүнкү күндүн 18.00гө болгон катышуу менен 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу катышуу деңгээлин салыштыруу маалыматын берди. Ага ылайык, 2021-жылы саат 18.00гө карата 1 032 684 шайлоочу катышкан, бул 28,53 %. Натыйжада, бүгүн добуш берүүгө 300 миңдей шайлоочуга же 2,5 % га көп катышты.
Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.
Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.
Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана кечки саат 20:00дө токтойт. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.
Бүгүн, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштеп жатат.
Сүрөт: gov.kg




