Парламентте Украинадагы кыргызстандыктарды алып кетүү маселеси көтөрүлдү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты.

Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, Украинада жүргөн 680 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн. Бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер дагы бар.

Бүгүн, 24-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик оперция башталганын жарыялады. Ал оперциянын максаты Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу экенин жана «жайкын тургундарга каршы кандуу кылмыш кылгандарды» жазага тартуу экенин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймактарында аскердик абал жарыяланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты