Парламентте тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралып жатат
- 2 года мурун
Бүгүн, 27-апрелде парламентте тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралып жатат.
Учурда ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.
25-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев талапкерлиги жактырылган.
Жээнбек Кулубаев 23-апрелден тарта тышкы иштер министринин милдетин аткарып жатат. Буга чейин бул кызматты Руслан Казакбаев аркалап келген.
Муну бөлүшүү