Парламентте Ташиев менен Мадумаров кайым айтыша кетти (Видео)

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду «атайын кызматтын кызматкерлери тууралуу туура эмес маалымат таратып жатат» деп айыптады.

«Парламент трубунасынан айтылып жатат. «УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат» деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, өзүнүн жеке саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ачык айтып коюшум керек. Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз”, — деди Ташиев.

Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты