Парламентте депутаттар Ош шаарында таза суунун жоктугу боюнча маселе козгоду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Ош шаарында үч күндөн бери таза суу болбой жатканын айтып чыгышты.   

-Бир канча күндөн бери маалымат каражаттарынан Ош шаарында таза суу жок деп окуп жатабыз. Айтып жатышат, бирок жыйынтык жок.  Эл арасына бир маалымат таркап жатат, Ош шаарына беш жыл мурун Азия өнүктүрүү банкынан 5,5 млн доллар каражат бөлүнгөн. Бирок «Госстрой» менен мэрия “тендерди мен өткөрөм, мен өткөрөм” деп талашып, бүгүнкүгө чейин таза суу жок деп. Таза суу боюнча эмнеге тендер өткөрүлгөн жок? Ушуну элге барып, түшүндүрүү жүргүзүш керек. 20 суу ташыгыч жетпейт экен, жарым миллион киши жашайт ал жакта. Сураныч, ушуну көзөмөлгө алып койсоңуз, -деди депутат Сүйүн Өмүрзаков.

Буга чейин депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеш жыйынында Ош шаарында үч күндөн бери таза суу жок болуп жатканына токтолду. Ошндой эле Чүй облусунда да таза суу көйгөйү бар экенин айтып чыкты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты