Парламентте Аксы окуясынын катышуучуларына «Баатыр» наамын берүү сунушталды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев парламенттин 17-марттагы жыйынында Аксы окуясына тийиштүү баа берилбей жатканын айтып, окуянын катышуучуларына «Баатыр» наамын берүүнү сунуштады.

«Аксы окуясына катышкандарга «Баатыр» наамын ыйгарууну мен буга чейин дагы көтөргөм. 2018-жылы дагы ушундай талап менен чыгып, аткарылган эмес. Эскерүү иш-чаралары өтүп, көңүл бурулуп жатканы жакшы жышаан. Бирок Апрель окуялары сыяктуу Аксы окуясына дагы баа берилиши керек».

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Бир нече киши жараат алган.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты