Парламентте аймактардагы жол көйгөйү көтөрүлдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Камила Талиева Баткен облусунун Лейлек районунун жол тармагын өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, транспорт министрлиги абанын температурасы +15 градуска чейин жылыганда курулуш иштерин баштоо убадасын бергенин эске салды:

«Азыр аба +20га чейин жылыды, бирок Бели-Сынык ашуусунда оңдоо иштери баштала элек. Ошондой эле чек араны бекемдөө жана өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү долбоор болгон Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолунун курулушун активдештирүү зарыл», — деген Камила Талиева Министрлер кабинетин Баткен районундагы социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө чакырды.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунун Ак-Суу айылында дыйкандар менен жер казынасын пайдалануучулардын ортосунда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Балбак Түлөбаев жол кыймылын жөнгө салуу тармагындагы жаңы тартиптерге жетоктолуп, өкмөттү калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүгө үндөдү.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты