Парламент жыйыны мурдагы өкмөт үйүндө өтүүдө. ЖК жыйындар залы оңдолууда

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынды мурдагы Өкмөт үйүнүн жыйындар залында өткөрүүдө. Парламенттин өзүнүн чоң залы оңдоп-түзөлүп жатат.

Бул тууралуу бүгүнкү парламент жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

“1-сентябрга чейин жаңылоо иштери аяктап, заманбап техникалар менен жабдылган залыбыз ишке киргизилет. Андыктан, май-июнь айларындагы жалпы жыйындарыбызды ушул залда убактылуу өткөрүп турабыз” деди төрага.

2010-жылга чейин мурунку өкмөт үйүндө Жогорку Кеңеш жайгашып, парламенттин жыйындары уюштурулуп келген.

Сүрөт: Парламенттин түз эфиринен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты