Депутаттар тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларын шайлады
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жыйынында комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды.
Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөттү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагаларынын орун басарлары болуп шайланды:
— Гүлнара Акимбаева, Венера Салямова, Кубанычбек Самаков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
— Чолпон Эсенаманова, Жылдыз Садырбаева, Ырысбек Атажанов эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Азизбек Турсунбаев, Умбеталы Кыдыралиев, Алишер Козуев агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
— Гүлшаркан Култаева, Болот Сагынаев, Санталат Аманова илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
— Талайбек Масабиров, Бахридин Шабазов, Бакыт Чомоев өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
— Жумабек Салымбеков, Камила Талиева, Жаныбек Абиров финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
— Сүйүнбек Өмүрзаков, Улукбек Узакбаев, Алтынбек Кылычбаев сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына;
— Гүлкан Молдобекова, Гүлнара Баатырова, Карыбек уулу Улукбек эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат орундарына.
Муну менен катар жыйында тармактык комитеттердин курамдары да бекитилди.
Сүрөт: kenesh.kg




