Парламент Жалал-Абад шаарына Манас аталышын берүү мыйзам долбоорун үч окууда колдоду
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 10-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарына Манас атын ыйгаруу мыйзам долбоору үч окууда бир коюлду жана жактырылды.
Мыйзам долбоорун парламент жыйынына мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев алып чыкты.
Депутаттар Камила Талиева жана Миргүл Темирбаева Жалал-Абад шаарына Манас атын ыйгаруу демилгесин колдой турганын билдирди. Депутат Айбек Түмөнбаев бул демилге боюнча жалпы кыргызстандыктар пикирин билдирип, талкуу кеңири болсо максатка ылайык келмек деген пикирин айтты.
Депутат Мирлан Самыйкожо Жалал-Абад шаарына Манас аты сунушталып жаткандан кийин, шаар ошол бийик атка татыктуу болушу керектигин белгилеп өттү.
Шаардык кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп атоо чечимин чыгарды. Сунушту шаардын башчысы Эрнисбек Ормоков берген.




