Нурланбек Шакиев: “Бизде сөз эркиндиги бар”  

  • 3 месяца мурун

Журналисттер жана ЖМК боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да өз оюн билдирип, өлкөдө сөз эркиндиги бар деген пикирин билдирди.

-Сөз эркиндигине куугунтук же кысым дегенге мен кошулбайм, себеби бардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттан каржыланган уюмдар Кыргызстандын бүгүнкү стабилдүүлүгүнө, экономикабыздын өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбей койбойт.

Журналисттик кесипке жамынган, өздөрүн журналистпиз деп эсептеген блогерлердин же башкалардын ээнооздугунан, ээнбаштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар.

Бизде сөз эркиндиги бар, ким каалаганын айтып жатат, анын бир далили биздин кесиптешибиз дагы өзүнүн оюн ачык айтты, ким эмнени айтам десе трибуна, микрофон турат, бирок өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирбей, ээнооздуктун чеги болот, -деди төрага Шакиев.    

Кечээ, 16-январда, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Temirov Live, «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча медиа» басылмаларынан 11 журналист 48 саатка камалган. Алар 1. Махабат Тажибек кызы 2. Сапар Акунбеков 3. Азамат Ишенбеков 4. Сайпидин Султаналиев 5. Актилек Капаров 6. Тыныстан Асыпбеков 7. Максат Тажибек уулу 8. Жоодар Бузумов 9. Жумабек Турдалиев 10. Айке Бейшекеева 11. Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.  

Сүрөттө: Нурланбек Шакиев. Интернет булактарнан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты